Таш доорго карай алга
Кыргызстандагы энергетикалык кризис эмес коллапс жөнүндө сөз кылган жөндүү. Токтогул ГЭСи менен коштошсок деле болчудай. Энергетиканын кыр аркасы делинген Токтогул суу сактагычынан кол жууп калдык. Жылдагыдай суунун запасы топтолушу арсар. Жакынкы келечекте аны күтпөй койсо деле болот. Токтогулга агып кирген суунун агымы 2007-жылдагыга караганда !,7 эсеге аздык кылат — эгер өткөн жылы секундасына 464 кубметр суу кирип турса, быйыл ал секундасына араң эле 272 кубометрди түзөт. 22-апрелге карата алынган маалымат боюнча 2007-жылы Токтогулга 670 миллионов кубметр суу келсе, быйылкы суу 493 миллион кубду түзөт. Ал эми, 2007-агып чыккан суу 309 кубометр болсо, азыр ал секундасына 315 кубометрге чейин жетет. Ошентип жакынкы жылдары Токтогул ГЭСин адаттагы 13-14 миллиард куб. метр жумушчу көлөмүндөгү суу запасы менен толтуруу мүмкүн эмес.Үмүт аз. Суу сактагычка кошулгандан артык көлөмдөгү суу ошо замат агызып чыгырылып жатса анан кайдан запас топтолсун. Суу сактагыч келесоо эмес да өзүнөн өзү калыбына келе койгондой -- агып кирген сууну жайына койбой дароо ушатып турсаң эзели суу токтобойт эмеспи. Бүт Кыргызстандын 5 миллион эли Токтогул ГЭСине жапырт төгүлүп барып бир жыл бою чакалап көтөрүп келип суу куюп турса да анны баштапкы калыбына келтирүү кыйын болуп калды. Токтогул өз ордуна келишинен түнүлүп деле койсо болчудай. Адистердин айтымында, эгер, сууну сарамжалдуу пайдаланса, Токтогул ГЭСинин өз калыбына келиши үчүн кеминде үч жыл күтүү талап этилет. Демек, электр энергиясын пайдалануу үчүн киргизилген лимит дагы үч жылга чейин созулушу кажет. Веердик өчүрүү дегениң келечекте күндөлүк норма болуп кала тургандай. Электричествонун 24 саат боюу өчүрүлбөй турган учур менен коштошо берсең болот. Бара бара суткасына 3-4 сааттан эле свет берилип калган күн келери деле алыс эмес. 2007-жылга чейин каалаган учуруңда электир энергиясын пайдаланган күндү эскерип шыпшынган учур келер. Ал күн ажайып бир көргөн түш катары биротоло артка калды.
Баарынан да өкмөттүн зордугу өтүп жатпайбы десең— толук кандуу электрэнергиясы менен камсыз кылбайт, бирок тарифти15% ке көтөрүүгө аргасызбыз, энергетика тармагы өзүн өзү актабаган тармак деп өлүмтүгүн артып жатпайбы. Өздөрүнүн иш билбес шалакылыктары, өндүрүлгөн электрэнергиясынын контрбандасы, уурдап-тутуулар, чет жерге ар бир килловат саатын 1.1 центке баалап текейден арзан кармата берүү өнөкөтү энергетиканы биротоло банкрот кылгандары менен иши жок. Мындан артык өлөрман зордук болбос, эч жерде кезиге бербес.
Электрэнергиядан элди куржалак калтырып чектөө киргизүүнүн себебин мамлекеттик чоң чиновниктин бири Эрнест Карыбеков деген Токтогул ГЭС каскадындагы, Бишкек ТЭЦтеги генераторлордун кубаты жетишпей калышы менен түшүндүрүп келип, электрэнергия менен камсыздоодо үзгүлтүк болору шексиз, ошондуктан элдин алдын ала кышка кам көрүп көмүр, жыгач отун, колунан келгендер генератор сатып алсын, эгер эл жылда эки тонна көмүр сатып алса, эми 5 тонна алсын, фонариктерди камдап запаста кармап турушу лаазым деп ачык эле эскертип жатпайбы. Бул болсо кайрадан эл үңкүрдө жашаган таш доорго кайтып келүү дегендикке тете. Азыркы кылымдын цвлизациясы менен коштошо бер деген кеп.Он жыл илгери эле Кыргызстан ар жан башына эсептегенде электроэнергиясын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн бирибиз деп сыймыктанчу элек, эми үч жылдын аркы беркисинде Кыргызстандын калкы толук караңгыга төңүп, таш дооруна карай алга ыргытылып отуруп калууга аргасыз. Бул да болсо балкыбеков, данилов, чудиновдордун алдыңкы «технология негизденген мамлекеттик менеджерлик» таланттарынын «жемиши».
Өткөн элдик курултайда Ө.Текебаев энергокомплексин бутташтырып сатып жиберип сызга отуруп калышыбыз мүмкүн экенин жана анын чоо-жайын энергобарондордун тымызын интригалары, кылыгылыкты кылып кыл жип менен бууганы менен түшүндүргөн эле. Анча муюткан эмес.Кантип эле бүтүндөй бир мамлекеттин, бүтүндөй бир улуттун суверентетине даап кол салышсын деп ойлогон болчубуз. «Заговор теориясына» чалыштап кеткени да шектендирген. Арийне, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү укугун өкмөткө өткөрүлүп берилиши, андан соң 24-апрелде парламентин жыйынында «Ак жолдун» 64 депутатынын чечими менен «Энергетика жөнүндө» жана «Электроэнергетике жөнүндө» мыйзамдарына толуктоо киргизилип электроэнергетикалык тармагын приватизациялоо иши дагы аткаруу бийлигине биротоло тапшырылышы, ошону менен жапма челек менчиктештирүүгө жол ачылышы Ө.Текебаевдин версиясында чындыктын чоң үлүшү бар экенин далилдеди. Коммунистер фракциясынын өкүлү депутат Анаш Сейтказиевдин: «Азыр иш айкын болуп калды, Кыргыз республикасынын энегокомпаничясын Александр Машкевичке берилет. Акчасын ал 2007-жылы төлөп койгон, биздин өкмөт бербей коюга аргасы жок» деген билдирүүсү Ө.Текебаевдин айтканына кошумча ырастоо таба алат. Фрунзеде туулган, азыр Казакстандык миллардер А,Машкевичтин бизнес-империясы ( анын группасына Патох Шодиев и Алиджан Ибрагимовдор кирет. Бул «трионун» ээлигинде, КМШ өлкөлөрү иниститутунун Орто Азия жана Казакстан бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозиндин маалыматы боюнча, Казахстандын экспорттук тармагы, и алюминий и хром өнөр-жайы: “ Казахстан Алюминийи ” АОсу (группанын эң ири ишканасы), Тоо кен-байытуучукомбинаттын бири, ферросплав заводу, Евроазиат энергетикалык корпорациясы, Экибастуз көмүр разрези, Ермаков ГРЭСи, бир нече ТЭЦ тер менен дагы бир далай структуралар таандык) мамлекеттик чоң чиновниктерди пара берип сатып алуу аркылуу түзүлгөнүн баамдоо кыйынчылыкка турбайт.
Кыргызстандын энергосекторунун кризиске кабылышы бир гана энергочиновниктердин компетенсиздигинин натыйжасы деш туура болбос эле, ал жең ичинен келишип алып өлкөнүн энергетикалык обьектилерин чет өлкөлүк инвесторлорго (А.Машкеевич) текейден арзан сатуу максаты менен атайылап банкротко тушуктурулганы менен түшүндүрүлүшү кажет.
Энергияга лимит киргизилип азыр эл башынан кечирип жаткан веердик өчүрүү (караңгы түн) дегениң өлкөнүн экономикасына, социалдык сферасына миллиондогон зыян алып келгенге үлгүрдү. Бул алдыдагы чоң катастрофанын башталышы гана, Дагынкысы дагы болор. Асресе, бул маселе өзүнчө каверкот. Ал өзүнчө кеп кылууга татыктуу.
Үсөн Касыбеков
Кыргызстандын бийлиги өлкөнү азык-түлүк коопсуздугу менен толук камсыз кылууга алы келе албай калды. Азык-түлүктүн басы ээ-жаа бербей өсүп барат. Качан токтоору белгисиз. Өкмөт инфляциянын агымын иретке келтирип басаңдатуу аракетин жасаганга да жараган жок. Рынок стихиясына биротоло моюн сунуп берди. Жаныңар барбы аракет кылбайсыңарбы деп сурашса «дүйнөлүк тенденция» деп алакан жайып карап турушат-- бар болгон шылтоосу ушу. Дүйнөлүк стандартта карлаган минималдуу керектөө корзинасындагы 43 түрдүү азык-түлүк продуктулары менен элди толук камсызданышын мындай кой, каралман калктын ичинде ( төтөн пенсионерлердин арасында) нанга жетпей калгандары көбөйдү. Ата мекендик согуштан кийинки Японияда керектөө азык-түлүк корзинасы жалаң нан менен сүттөн турганын айтышат. Биз дагы жакынкы келечекте 1945-жылдагы ошо Япониянын абалдын кейпин кие турган түрүбүз бар. Экономистер азыр азык-түлүккө корогон чыгым элдин кирешесинин (орточо айлык 3000 сомдун тегерегинде) 80% ти түзүп калганын белгилеп жатышат. Бул болсо эл итке минип калганын симптомдорунун бири. Инфляция улуттук саткомитеттин официалду билдирүүсү боюнча үч айдын ичинде 6,1% чейин көтөрүлдү. (Кыргызстандагы азык-түлүк кризисин мүнөздөө үчүн агрардык сектордогу терең системдик инфляцияны туюндурган «агфиляция» деген терминди пайдалануунун кезеги келди окшойт). ВВП дагы үч айдын ичинде ошо эле көрсөткүчө 6,1%.ке өсүптүр. (Өкмөттүн статистикасы бийликке пайдалуусун жымсалдап көтөрмөлөп, пайдасыз цифраларды кемитип жазганга маш экенин эскере кетели). Бул, демек, экономикада эгер жылыш болсо аны инфляция «сугунуп» коюп, алар өз ара жоюшуп кетип жатат дегендикти билдирет.
Макул, азык-түлүктүн баасы рыноктун законуна баш ийет, биздин эркибизге көз каранды эмес, дүйнөлүк экономкалык тенденциянын каскагы тийип жатат, экономикалык өнүгүү министири А.Жапаровдун сөзү менен айтканда «тышкы шоктун» таасири деп эле коелу . Нефтопродуктуларга болгон баанын тынымсыз өсүп баратышын да ошол эле «тышкы шокко» шылтап койсо болор. Арийне, бийликтин өлкөдөгү экономикалык-социалдык жайсыз кырдаалды эске албай көз көрүнө зордук-зомбулукчул жол менен бааны көтөрүп ыргалып араң турган жакыр элдин жонуна кайыш тиле баштаганын эмне менен түшүндрөбүз? Дагы эле көнүп калган «тышкы шокко» арта салабызбы?.
Кыргыз бийлигинин баанын көтөрүлүшү боюнча камдап койгон «сюрприздерин» санап көрсөтсөк эле президентин старетегиялык НЭП программасында айтылган «элдин жашоосунун жакшырышына канчалык кам көрүп жатканына» ырастоо таба алар элек. Өкмөт электроэнергия, жылылуулукка жана ысык сууга 1-июндан баштап тарифти көтөрүү боюнча чечим кабыл алды. Тарифте карапайым калк үчүн электроэнергияга баа 13% ке көтөрүлөрү б.а бир киловатт-саат 70 тыйынга чыгаары көрсөтүлөт. Ага кошумча кубатуулук үчүн болгон төлөм киловатт-сааты үчүн 82-94,9 тыйынга чейин көтөрүлөрү белгиленет. Жылуулукка төлөмү 120%ке дейре өсүп, ар бир гигкалориясы 860 сомго чыгат. Бара бара ал 2012-жылы чейин 1,57 миң сомго чейин жеткирилиши керек. Ысык сууга болгон баа өсүп бир гигкалориясы 360 сомго туура келиши керек б.а. 128% ке көтөрүлүшү кажет.
Мындан тышкары Бишкек шаардык кеңешннин чечими менен 1-июндан баштап транспортко болгон тариф көтөрүлүшү керек, Маршуруткалардагы жол кире акысы 8 сомдон 10 сомго, троллейбус менен автобустарга 3 сомдон 5 сомго чейин өсөт. Ушуну менен тим калышса ыраазы болбойсуңбу, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министирлигинин бөлүм башчысы Т.Садабаевдин билдиргенине караганда 2007-жылы тоннасы 600 сом турган көмүрдүн баасы 2008-жылы 1,8-2,1 миң сомго чейин жогорулайт. Депутат Ж.Каниметовдун айтымында «Бишкекводоканал» 49 жылга жеке менчикке арендага берилип сууга болгон баа эки эсеге көтөрүлүшү күтүлүүдө. Кыскасы, ансыз деле жону жука элдин массалык түрдө жакырланышы, ошонун негизинде өлкөнүн социально-экономикалык абалынын чыңалып кетиши үчүн бийлик баардык аракетин аяган жок десек болот. Ачыгын айтыш керек, тариф саясатына карап баксаң бийликтин иштин көзүн билбегенинен, чиновниктердин ичиндеги туташ коррупциядан улам өлкөнүн экономикасын банкротко кептелип, анын чыгымын бийлик элдин моюнуна иле койгон кыянаттыгына көзүң жетпей койбос. Арийне, элдин чыдамынын чеги болот эмеспи. Калкты кан чыкканча кактап саай бергендин аягы жакшы аяктабасы башынан белгилүү. Бир күнү жарылып кетиши мүмкүн. Эл өкмөт тарабынан таңуулаган тарифтик бааны какшып турган чөнтөгүнөн төлөй баштаганда т.а. тумшугуна суу жеткенде чыдамы түгөнүп көчөгө төгүлүп чыгып жек көрүндү болуп калган бийликти дыргаяктатып кубалап чыгышы этимал. Ачкачылык революциясы менен энегетикалык революциясы бириксе кубаттуу чоң күч.
Үсөн Касыбеков
Өлкөнү ачарчылыктын карааны аралап жүрөт
Жылдын башынан тартып дүйнөлүк рыноктогу дан эгинге болгон талаптын өсүшү ар бир өлкөнүн ичиндеги нанга жана башка азык түлүктөрдүн баасынын асмандап көтөрүлүп кетишине алып келди. Дүйнөлүк нан кризиси башталганда ар бир өлкө илгиртпей ички азык-түлүк коопсуздугунун амалын көрө баштады. Көп өлкөнүн өкмөтү пошлина киргизип бажы тосмолорун түзүү, атүгүл дан эгиндерини экспортуна тыю салуу азык түлүк коопсуздугун коргоонун натыйжалуу чарасы деп эсептешүүдө. Бажы пошлинасы аркалуу чектөө киргизүүнү бизге жогорку сапаттагы «катуу» дан будайын экспорттоочу коңшу Казахстан да колго алды. Казакстандан тышкары Кара деңиз дан экспорт альянсына кирген дүйнөдөгү негизги дан эгиндерин өндүрүүчүлөрдүн катарында турган Украина өткөн жылдын аягында эле пошлина киргизген. Жылдын башында Россия да Украинанын үлгүсү менен катаал кадамдарга барган болчу. Жакында «Известия» газетасы дан азыктарынын таңсыктыгына кабылган Кытай дагы бажы чектөөлөрүн киргизгенин кабарлады. Ошентип, Кыргызстандын айлана тегерегиндеги потенциалдуу дан экспортерлорунун баары бажы дубалдары менен тосулуп тыштан дан эгинин ташып келүү мүмкүнчүлүгү күндөн күнгө тарып баратат. Бул болсо экспорттук товарлар менен ички рынокту каныктыруу мүмкүнчүлүгү чектелди дегендикти билдирет.
Дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин симптомдору бир ай илгери Чикаго товардык биржасында дан эгинднерине болгон баа 8%ке чейин көтөрүлүп рекордук деңгелге жеткенде эле анык болуп калаган болчу. Биздин өкмөт анда быш этип койгон эмес. Эми тумшукка суу жеткенде -- 2008-жылдын 6-мартында экономикалык өнүгүү жана соода министири Акылбек Жапаров: «Рост мировых цен на продовольствие начинает влиять на рынок продовольствия Кыргызстана» деп билдирүү жасап жатпайбы. Чапчаңдыгын кое кал десең. Болору болуп боесу кангандан кийин мөөрөгөндөн не пайда. Дүйнөлүк азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнүн биздин ички рынокко тийгизген таасири, моюнга аласыңбы же албайсыңбы, өтө зор экени талашсыз. Өлкөдө жакынкы учурларда кымбатчылык өкүмүн жүргүзө турган коркунучу башынан эле белгилүү болчу. Чиновниктер көчүктөрүн үстөлүнөн көтөргүп ынгыранганча азык-түлүк кризиси, А.Жапаров айтмакчы, босогодон баш бакмак тургай эле төргө чаап чыгып кеткен. Чиновниктер шалакылыгы менен убакытты өткөрүп жиберишкени, эми катуу кеч болуп калганы кадиксиз.
Кыргызстан экономикалык жагынан башынан эле өз башына өзү ээ болгон өлкө болгон эмес. Өзүн өзү керектүү зарыл товарлар менен камсыз кылууга алы келбген өлкө эле. Азыр болсо чет мамлекеттерге болгон күнкорлугу ого бетер өскөн кези. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экспорт $ 390,8 млн.болсо,импорт $793,8 млн. туура келет. Сыртка ташып чыгарган товарларга караганда сырттан ташып алып келгенибиз (тескери сальдо) эки эсе жогору. Мындай өлкө толук түрдө тышкы факторго көз каранды мамлекеттердин катарына кирери айтпаса да түшүнүктүүдүр .
24.kg информагенствосунун билдиргенине караганда макроэкономика менен инфестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйыныныда янаврь-февралда инфляция 3,3 процентке туура келгенин белгилеп келип А.Жапаров газга баа 31,8 процентке, дизелдик күйүүчү майга 2 процентке, бензинге 1 процентке, турак-жай-коммуналдык кызмат акысына 29,4 процентке көтөрүлгөнүн белгиледи. Январь-февраль айларында 1 сорттогу унга баа бир аз гана көтөрүлгөнүн, этин баасы бир орунда калганын, ГСМ 3-4 сомго өскөнүн жарыя кылды. А,Жапаровдун айтымында «бир гана өсүмдүк майына баа 7-8 сомго жеткени камтама кылууда». Демек, калгандарынын баары сонун деп билиш керек. Ырас CA-NEWS (KG) нын маалыматы боюнча А.Жапаров унга болгон баа 40% чейин көтөрүлгөнүн тастыктады. Калган баан жөнүндө айтпай ак коелу, непадам, А.Жапаров азык-түлүк баасыны өсүшү боюнча маалыматка келгенде адаттагы шыпыртмасына салганын байкоо кыйын эмес. Өсүмдүк майы А.Жапаров айткандай 7-8 сом эмес, азыр 20-30 сомго чейин көтөрүлдү. Эгер январдын башында өсүмдүк майынын бир литири 80 сом болсо, марттын башында 100-110 сомго жетип, бери болгондо 30%ке чейин жогорулады. Өсүмдүк майы 7-8 сомго гана өстү деп базарга өмүрү басып барып баш багып көрбөгөн киши гана айтышы мүмкүн
Дан эгине болгон баанын жогорулашы башка продуктулардын баасынын өсүшүн шартайт. Унга баа 40% ке жогоруласа, анда ал дан эгиндерине баанын ошончолук деңгелде өскөнүн билдирет. Ал эми, данга болгон баанын өсүшү кажетсиз түрдө сүт менен эттин өздүк наркынын өсүшүнө алып келет. Эгер маргарин,ак май менен өсүмдүк майына баа көтөрүлсө ошо замат кондитердик товарлардын баасы өсөт. Буга газга, электроэнергияга болгон тарифтердин көтөрүлүшү таасир берери белгилүү. Баанын кантип кураларынан (ценообразование) кабары бар адам А.Жапаровдун эттин басы бир калыпта сакталды дегени жалган экенин дароо түшүнөт.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, нанга болгон баанын оюн салып кетишин ооздуктай тургана чаралар дан эгиндеринин жетишерлик запасын түзүү болору белгилүү. Бул жагында абал кандай? А.Жапаровдун айтымында баары сонун -- мамлекеттик материалдык резерв фондусунда 60 миң тонна дан бар, азык-түлүк кризисин алдын алуу үчүн буга кошумча 50 миң тонна сатып алуу гана калат. Арийне, бышпаган ашка мурун канайт демекчи, сатып алына элек 50 миң тонна жөнүндө эмитен кеп козгоонун кажети жоктур. Казахстан бажы пошлинасын киргизгенден кийин алардан 50 миң тоннаны оңой олтоң эле ала коеруң кыйын экенин унутпоо кажет. Казахстандын өзүндө нан кризиси башталганыны эске алсак алар жакынкы күндөрү дан эгидерин экспортуна тыю салып ташташы деле мүмкүн. Ошондуктан, качан гана дан эгинин республиканын ичине ташып алып келгенден соң, биротоло колго тийгенден кийин 50 миң тонна кампада жатат, кризисти алдын алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар айтууга болор.
Чынчына келгенде мамлекеттик резерв фондусунда канча дан эгини бар экенин азыр эч ким так билбейт. «Азаттык» радиосунун билдирүсүнө караганда экономиканы өнүгүү жана соода министри А. Жапаров «ушул тапта мамлекеттик материалдык резервде 72 миң тонна буудай сакталып турат. Ага кошумча дагы 50 миң тонна буудай алып келүүгө каражат бөлүнгөн. Бул өлчөмдөгү буудай жакынкы арада мамлекеттик кампага келип түшөт, ошондуктан баалар кескин кымбатташы күтүлбөйт» деп ишенимдүү айтыптыр. Министирдин билдиргени боюнча баалар кескин кымбаттайт деп чочулоого негиз жок экен. А.Жапаровдун сөзү эки ача чыгып жатканы -- бирде резервде 60 миң тонна десе, бирде 72 миң тонна дегени таң калтырбай койбос. Бул болсо анын айткандарынын баары тегиз эле карандай чындык эместигин айгинелейт.
Ошол эле «Азаттык» радиосу мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик резерв боюнча өкмөт алдындагы агенттиктин башчысы Пайзулла Рахмановко кайрылып бир катар суроолорду бериптир. Анын бири: «Сиз азыр жетектеп келе жаткан агенттиктин мааниси даңга баа кымбаттап турганда өзгөчө бир маанилүү болуп жатканы көрүнүп турат. Өкмөт дагы “60 миң тонна буудай кол тийгис, зарыл учурда саттыкка чыгарыла турган 30 миң тонна буудай турушу керек” деген сөздү айтып жатат. Азыр мамлекеттин резервинде ушул суммадагы, ушул өлчөмдөгү буудайлар барбы?» деген суроо. П.Рахмонов суроого төмөндөгүдөй жооп берген экен: «Мамлекеттин резервинде ушул өлчөмдөгү буудайлар бар. Андан сырткары 60 миң тонна дагы, 30 миң тонна дагы бар. Ошондой эле дыйкандарга кредит түрүндө берилген буудайларды дагы кошсок, анда дагы бир 30 миң тонна кошулат». П. Рахамановдун жообунун ыргагын байкап баамдап көрсөңүз күргүштөтүп күпүлдөткөн сөзгө окшошуп кетет. Чоң ишенич туудуруп жибербейт. Анан да дыйкандарга кредит түрүндө берилген 30 миндин материалдык резервке канчалы тиешеси бар деген күдүк ой чыгары анык. Иши кылып Рахмановдун айтканы боюнча эсептеп көрсөк запаста баардыгы болуп 210 миң тонна дан эгини турат. А.Жапаров болсо резервде 60 миң тонна дейт. Кимииси ышкыртып жатканын өзүңүздөр ажыратып алыңыздар. Эксперттердин, дантрейдерлеринин айтымдарына карганда мамлекеттик резерв фондусу азыр кур жалак. Кырман түп калышы эле мүмкүн. Муну областардагы жайгашкан мамлекетик резерв кампаларындагы дан эгиндер таланып-тонолуп кеткени жөнүндөгү информагенстволордун ленталарында пайда болгон көптөгөн маалыматтар да ырастай алат.
Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбека Ногоевдун АгроФакт агенствосунда айткан сөзүнө караганда 110 миң тонна дан эгинин сатып алып ар ай сайын рынокко 22,4 миң тонна чыгарып туруу керек. Бул нан продукциясына болгон ички рынокту турукташууга өбөлгө түзөт.
2008-жылдын түшүмүнө чейин дагы алты ай бар.Айдалаган эгинди жыйнап алып тазалап кампага салганга дейре жарым жыл күтүү талап этилет. А.Ногоев айткан рецепт менен ай сайын 22,4 миң тонна буудайды ички рынокко үзгүлтүксүз интервенция кылып турганда деле бери болгондо 134,4 миң тонна талап этилет. Бул болсо А.Жапаров айткан мамлекеттик резервдин кампасындагы 60 миң тонна бүркөнгө да түтпөйт дегенге жатат. Кошумча 50 миң тонна сатып алаган күнү деле ал жетишсиз. Ошентип, өкмөт чиновниктеринин сөздөрүнүн эки ача чыгып жатышы өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча бирдиктүү программасынын жок экенин айгинелеп турат. Алдыда боло турган нандын кризисин алдын ала турган өкмөттө антикризистик программа азрынча ишелип чыга элек. Демек, өткөн жылдын сентябрь айындагы тарых кайра кайталынышы—нанга баа асманды тээп чыгып кетиши толук ыктымал.
Бир сөз менен чиновниктер өздөрүнүн шалакылытарын, иш билбестиктерин жаап- жашыруу үчүн элдин башын маң кылып жалган айтып жатканы айдан ачык. Бул болсо өтө коркунучту көрүнүш--тамак-аш крисизине, атүгүл, жаман айтпай жакшы жок, ачарчылыкка алып келе турган орчундуу фактор. А.Жапаровдун жайпактаткан куру сөзүнөн курсак тоюп кетпес.
Үсөн Касыбеков
Бириң өлүп,бириң кал
Элита деп койчулар эл өз тагдырына, келечегине да кайдигер, саясый-социалдык огожомдуу процессттерден боюн качырып четтеп турган адаты бар, пассивдүү деп наалып калышмайлары бар. Ошол эле элитаң элди өз тагдырына ээлик кылып жаткансышып десең?.Жогорутадан туруп алып элди инертүү,индефферентүү калың масса деп «илимий» оозду толтура сүйлөп бой көтөрүп кадаланып калган адат көп кездешет.Андай бой түзөп керсейген көнүмүш көбүнчө оппозициячыл саясатчылар менен саясый эксперттер дегендерде (политологдор) басымдуу.Эки сөздөрүнүн бири эле активдүү позицияны тутунуп,граждандык оуйзпадан кутулуу,четте калбоо. Ал эми, оппозицияны жекирген бийлик тарап болсо, тескерисинче, эл «митинговщинадан» чийки май жегендей болуп тажап бүттү,экономика менен алектенүүнүн кезеги келди, бизди иштетесиңерби же жокпу деп бүтүндөй калың журтту ала чуркап элдин атынан сүйлөгөндү жакшы көрүшөт. Жумурай журтту чөнтөктөрүнө бүктөп туруп салып алышкансып каадаланышат.Мындай сыяпаттагы билдирүүлөр,алибетте, «Ак үйдү» айланчыктагандарга артыгыраак таандык.Алардын,айтмакчы, өкмөтү болсо негедир элдик элдик өкмөт,депутаттары болсо элдик депутат,милициясы болсо элдик милиция,армиясы болсо элдик армия,партиясы болсо элдик партия. Деги бир «тазасы» жок.Чылкый эле «элдик».
Жакында эл арасында КыТыР деп атап коюшчу телекомпанияда (официалдуу аббревиатурасы НТРК же УТРК) чатак чыкты. Телекомпаниянын гендиректорунун милдетин аткаруучу М.Эшимкановко нааразы болгон бир топ кызматкерлери (бир маалымат булагы 20 кызматкер десе,экинчиси 12 киши дейт) ачкачылык жарыялап жиберишти. Акция телекомпания жайгашка имараттын холунда өттү. Телеачкачылык жарыялагандардын башында телеканалдын экс-вице-президенти Бейшенбек Бекешов деген турат.Максаттары—М.Эшимкановду кызматтан шыпыруу. Талаптары жумгактатылып Б.Бекешовдун оозу менен айтылууда: гендиректордун милдетин аткаруучу М.Эшимканов телекомпанияны реформалоо дегенди бетке кармап кадр саясатында чалмакей чалып өзү билемдик кылып жатыптыр,ошону менен бирге , адамдын ар намысын кордогон, кээ бир кызматкерлердин инсандык жана чыгармачылык укуктарын тебелеп-тепселеген макрөө иштерге барган экен. Бир аз илгери«Азаттык» радиосундагы маегинде койгон кинелерин кыйла конкретүү түрдө туюдурган--30-40 жыл бою реформа жүргүзбөгөн пенсионерлерди,иштен бошотулуп жиберилгендерди кайрадан чоң кызматтарга алганын билдирген болчу. Ачкачылык акциясы «Акаевщинын кайтышына жол жок» деген саясый т.а тамтыгы чыккан «мандалак» револциясынын «сүрдүү» урааны менен коштолду.
Кезегиде, экинчи тарап,М.Эшимкановдун тарапкерлери т.а анын кишилери бекешовчуларды алдарынын келишинче көрдөн алып жерге,жерден алып көргө уруп киришти.Атап айтсак М.Мамбетакунов Б.Бекешовду профессионализм деген касиет таптакыр буюрбаганы менен айыптаса, Ж.Муслимованын айтымында: «бул иш бар болгону Б.Бекешовдун жеке амбициясы жана бийлик үчүн болгон күрөшү экен.Тигилерге телевидениядагы жаңы жетекчиликтин жүргүзүп жаткан реформасы жакпайт, эфирден нааразы болгондордун программасынан да сапаттуу берүүлөр кетип жатканын көрө албай жатышат. Б.Бекшовдун артында бийликтеги таасирдүү адамдар турат».
Гендиректордун милдетин аткаруучу М.Эшимканов Ж.Муслимованын айткандарын төпмө төп кайталады: «Они начали сопротивление, саботаж, потому что им не понравилось то, что сейчас на НТРК наводится порядок и ведется борьба с коррупцией». «Что касается других лиц, которые еще не уволены, то они просто остались без конкретных проектов. Это тоже из области борьбы между старым и новым мышлением». Кыскасы, баякы эле М,Эшимкановдун «чымчык сайрайт» деген көнүмүш болуп калган көңдөй «абстакционизми»
«Бекешовчуларды» КыТыР дын имараты өзчө аялуу, коргологон режимдеги обьект экендигине таянып көчөгө кубалап таштоо зарыл деген опузалар пайда болду.Опуза көп узабай ишке да ашты. «Бекешовчуларды» көз байланган маалда милиция келип тепчү жумшак жерлерине тээп туруп кубалап чыгышты. Азыр коңшу үйлөрдүн биринде телеачкачылыктарын улантып жатышыптыр.
Кунт коюп караган киши эки тараптын жаакташысуунан эл,көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы деген мыдыр эткен сөз таба албайт.Эл, көрүүчүлөр барбы же жокпу тигилердин оюнда жок. Иши да жок.Талашка түшүп жаткан «реформа» дегениң кимдин кызыкчылыгына багындырылган,деги ал эмне болгон реформа, кандай максат көздөйт, ишке ашыруу механизимдери кандай, же ал кадыр саясаты,структуралык өзгөртүүлөр жана «коррупцияга каршы күрөш» деген ураандар менен гана чектелеби,болбосо кеңири кайра куруучулук аракеттерге баш ийдирилеби ,жаңы проектилер,жаңы идеялар деп ооз толтура айтылган сөздөрдүн телекомпаниянын редакциялык саясаты менен байланышы кандай, деги эле телекомпаниянын жаңы «реформатордук» редакциялык саясаты иштелип чыкканбы,иштелип чыкса кайсы прогрессивдүү жактары менен өзгөчөлөнөт деген түркүн түйшүктүү суроолор эл үчүн табышмак.Ал жөнүндө мыдыр эткен кеп жок.
Ала жылкыны атынан чакырганда эки тарап тең элдин кызыкчылыгы эмес өзүдөрүнүн жеке эгоистик кусаматтарын ишке ашыруу үчүн далбас уруп жатканы ачык көрүнөт.Адам укутары,реформа дегендери кур эле фикция.Фасад.Чынында эле Б.Бекешовдун «чыгармачыл»«Коломтосу» профессионалдык жагынан ооздон түшөкалагнадай пиримитивдүү берүү болучу. Б,Бекешов «чыгармачылык укугу тебеленгенин» айтып нааразы болуп жатпайбы—суроо туулат ныпым чыгармачылык дегениң жок болсо анда эмне болгон, кайдагы «кордолгон» укук болушу мүмкүн? КыТыР болсо реформа болбой эле,тескерисинче артынан кетип ыдырап баратканы жалган эместир. Жок нерсени бар дегенден бар болуп кете албасы анык. «Халва,халва дегенден оозуң халва татып кетпесин» эбак айтып ташташкан.Алыскы айылдарда гана айласыздан КыТыР ды карашпаса,шаар жерлерде анын продукциясына болгон муктаждык жокко эсе. КытЫРдын өзөктүү деп эсептелген информациялык блогу баягыдай эле «Ак үйдү» карап куйругун шыйпаңдаткан адатынан жазбай келетканы жалган эместир. Телеканалдын рейтинги болуп көрбөгөндөй төмөн түштү.Анан кайдагы реформа,кайдагы жаңы идеалар?
Ырас бир гана өзгөрүү бар—ал азыр Б,Бекешов менен М.Эшимкановдун ролдорду алмашып кеткенине байланышат.Өткөн жылкы ноябрь айындагы М,Эшимканов активдүү катышкан оппозициянын митингисинде виц-примьер Б,Бекешов нааразы болгондорду кынына киргизсе (митингичи бир топ балдарды сотко берип эсин оодарганы эсиңиздедир),азыр келме кезек, М.Эшимкановко ташы өйдө кулап Б.Бекешовдун тепчү жерине кериле туруп тээп жиберген абалда. Эртең,эгер, кайрадан ролдору алмашып калышса, Б.Бекешовдун ити чөп жей баштаса,анда М.Эшимканов жумшак жерин даяр кармап турушу керек.Ырасына келгенде экөө тең жалаң жеке кызыкчылыгын көздөгөн,бийлик дегенде бүт сатчусун сатып жиберүүгө даяр, бүдүрөгөн таруудай болгон принциби жок мүлтүлдөк эмелер экени эбак белгилүү.Бул жагынан биринен бири өтөт, асты биринен бири кем калышпайт.Биринчи кезиккен кишиден сурамжылап (интервью алып) көрүңүз-- Б.Бекешов деген ким ,М.Эшиманов ким деп. Интевьюрерден жерге түкүрүп (эки ирет) басып кеткенден башка жооп ала албайсыз.
Орун которуудан сумма өзгөрбөйт. Тытышса жеке ич күптүүлүктөрү бар экөө,экөө баштаган топ тытышууда.Тытыша тытшса беришсин.Маа десе бири өлүп бири калсын. Анын ыссык-суугу жок. Б.Бекешов менен М.Эшикановдун келишпегендиктеринен келип чыккан телетартышка элдин толук кайдигер калышы бекеринен болгон жок.Эки жактын чатагы бийлик үчүн күрөштөгү кадыресе чекене көрүнүштөрдүн бири. Элге анын кызыгы,таңсыктыгы жок.Кайдигерлик—обьективдүү көрүнүш.Мындай кезде элита сыяктуу элди кайдигерлик менен айыптап,анын маанайына диагноз берүүнү монополизациялоо чеклик болор эле.
PS
Баамымда басма беттеринде улуттук телеканалдын азыркы абалы,келечеги,ысык жаны бар болуп кытырап турса да жылына бюджеттин 240 миллион сомун ашап жиберген апетити,коомдук байкоочу кеңештин тагдыры,телеканалдагы жылдан жылга кайталанып келеткан көз боемо (имитациялык) «реформалар» жөнүндө катардагы көрүүчүлөрдүн катышуусу менен кенири талкуу уюштурса максатка ылайык келер эле.Ошондо кайдигерликтин ордун кызыгуу басмак.Кеп «кайдигерликте» эмес,кеп кайдигерлик менен уктуктук ниглизимиге түртүп жаткан «эшимкановчулук» менен «бекешовчулукта».
Үсөн Касыбеков
Шайлоо аяктап добуштарды эсептеп алгачкы жыйынтыктар чыгарылып жаткан мезгилдеги Россиянын борбордук телеканалында көрсөтүлгөн материалда БШКнын и.о. председатели К.Кабилова шайлоо жөнүндөгү жаңы Кодексте кошумча тизмеге каттоо каралбаганын, ага киргизүү үчүн соттун чечими же болбосо открепителный талон зарыл экенин айтып келип ал укуктан шайлоо учурунда миңге жакын граждан пайдаланганын кабарлады. Адатта айтыла жүргөн тариздеги ооз учунан айтылган К.Кабилова айымдын сөзүнө карап шайлоодо эч кандай проблема болбогон экен деген жыйынтыкка келсе болор эле.Эмнеси бар экен, миң шайлоочу Кодекске ылайык укугун коргоп алган турбайбы.Анын эч бир эрөө-төрөөнү болушу мүмкүн эмес.Ырасына келгенде ошол миң кишинин артында бул жолку шайлоодо адамдын Конституциялык негизги укугу болгон шайлоо жана шайлануу укугу бузулганы, болгондо да массалык түрдө орой жана олдоксон бузулганы жашылып жаткан. Буга шайлоого катышкандардын көбү күбө болуп бере алат.
КурумУшу
лоЖка
Кыргызстандын өзүндө б.а кырнетте жаштардын күчү уюштурулган бир талкуу форуму бар. Кийинки учурларда ал катуу окумдуу болуп кеткен талкуулардын катарына кирет. Аны тапандардын сайты десе болор. Анткен менен ал “Кабар”сайты,gov.kg порталы cыяктанган официоздорго караганда алда канча маданиятуу,сыпайы “интернет”.Тигилерге окшогон кайдигерлик кездешпейт. Жойпулук менен кошоматтык деген таптакыр жок. Жаштардын сайты кайда жайгашканын, дарегин айтпай эле ак коелу. Билгендер кайсы сайт жөнүндө болуп жатканын жаземдебей билишээр. Анан да колу кычышып турган чиновниктерге ашыкча түрткү бербеш үчүн аты жөнүн көрсөтпөй койгонубуз оң.
Жаштардын сайтына кирсең,чынын айтуу керек жарпың жазылат. Ыраазы болбой койбойсуң.Сарказм,кашык,ирония мелт-калт...Талкууга катышкандардын фантазиялары да чексиз, оргуп атылып турат. Непадам, талкууга катышкандар кандай гана кызыл чеке талаш болбосун этикалык норманын чегинен чыгышпайт. Бийликтин азыркы жүргүзүп жаткан саясатына окшогон омуролоонун кенедей да белгисин таппайсың.Мында модераторлордун (сайттын адмнистрациясынын) эмгеги зор.
Үч уктасаң оюңа келбеген ойлор айтылат талкууларда... Президентин “Ак жол” партиясынын курамы жөнүндө жакында талкуу уюштурулду. Партиянын турум-турумуна жана анын “көгөнүнө” (тизмесине) тизилген адамдарга жумгакталган мүнөздөмө берилди. Алгач талкуунун катышуучулары тарабынан баамга илинген ою: “көгөн-тизмеси” нипел системасына ылайык түзүлүп калганы. Нипел дегени совет доорундагы саясат менен иши жок социалдык катмарлардын түрдүү өкүлдөрүн:саанчы,тракторист,спортсмен,жу
Талкуунун жүрүшүндө капысынан эле “Ак жол”— таксисттердин партиясы деген пикир пайда болду. Бир караганда түшүнүксүз.Таксистеридн “Ак жолго” кандай тиешеси бар дейсиң. Эгер президент К.Бакиев айткандай “Ак жолду” “камбылдардын” партиясы десе бир жөн эле. Таксистер “Ак жолдо” эмне болуп адащып жүрүшөт? Бара бара талкуудагы оюдун учугун чубап отуруп таксистердин чоо-жайына жетесиң, маанисин түшүнөсүң. Көрсө “Ак жол” деген таксистердин ассоциясы бар экен. Эбак түзүлүптүр. Президентик партия ошолордун брендисин (эн тамгасын) айтпай сурап алганбы же күчкө салып тартып алганбы өздөрүнө “прихватташтырып” алган турбайбы. Муну кандай мүнөздөсө болот? Рейдерствобу? Плагиатбы? (Таксистер сотко даттанышса кадиксиз утуп алары айгине. Алибетте, сот бир жолу “жаңылып кетип” калыстык кылып жиберсе дечи). Ойду андан ары төтөлөп отурсаң партиянын таксистер менен болгон жакындыктыктары бир далай көп болуп чыгат.Экөөнүн тең алдыга койгон түпкү максаттары бирдей. Бири жүргүнчүнү бараар жерине жеткирет акчасын алат,андан кийин жүргүнчү менен сен көр иши жок. Жол акысын өндүрүп алганга чейин жүргүнчүгө жылуу жумшак мамиле кылып жалпактап турмай . Экинчисине деле жүргүнчүнүн т.а.шайлоочунун добушу керек,добушун алгандан кийин шайлоочу менен иши жок. Бюллетень урнага түшкөнчө көзүн карайт. Добушун алды болду унутат. Экинчи эстебейт. Шайлоочу мындан кийин кайдагы бир пайда-зыяны жок абстрактуу электоратка айланат да калат. Кыскасы экөө тең транзиттик уюмдар. Жүрүм турумдардарында окшоштуктар бар—экөө тең олдоксон,тил табышуунун ордуна омурого салганды артык көрүшөт.Соодалаша келгенде жан аттууну алдыга салдырышпаган эл болушат.
Талкууга катышкан тапандарда жаштарга таандык адаттан тыш ой жүгүртүү, демейде маани берилбеген учурларга басым койгон тапкычтык да таандык.
“Ак жол” партиясын форумчулар кээде “лоЖка” (кашык) деп аташат.Бул болсо ассоциативдүү ой жүгүртүүнүн жемиши. Эмне үчүн “лоЖка”—балким лож(ь) и ка—“маленикая ложь” болуп жүрбөсүн? Андай болушу деле мүмкүн. Чынында “лоЖканын” жөнү мындайча: эгер “Ак жолду” тескерисинен окусаңыз “лоЖка” болуп чыгат. Каңкуусу аш бышканда даяр боло калчу кашык-уюм...Айтпаса жалганбы “Ак жолдун” республиканын саясый партиялардын курулушуна салымы болбогону ырас. Түзүлгөнүнө бир ай болбой жатып төр меники дегени тамак бышканда даяр болгон “лоЖканы” элестетип турганы калп эместир.Экинчи жагынан партиялык тизмеге кирип алгандардын басымдуу көпчүлүгү жаман жакшыдыр эмгек кылып “Ак жолду” түзгөндөр эмес даяр “лоЖкалар” болгонун эстен чыгарбоо кажет.
Форумчулар бардык эле тапандарга мүнөздүү кашыктап образдуу сүйлөгөндү жакшы көрүшөт. Партиялык уюм болобу же көрүнүктүү саясатчы,коомдук ишмер,чиновник болобу ар биринин кличкасы (кээде “кликуха” же “погоняло” деп аташат) бар. Аларды кличкасы менен атаганды адат кылып алышкан. Арийне мындай “тентектиктин “ көчө жаргондоруна, болбосо маскаралоого эч тиешеси жок. Пикирлерин сый-сыпайы билдиришет. Бардыгы орундуу.Кличка менен атаганда көбүнчө ошо саясый уюмдун же саясатчынын мүнөзүн чагылдыра алабы ошого басым коюшат.Атап айтсак Адахан Кимсанбаевич Мадумаров аббревиатурасына ылайык кличкасы АКМ (Автомат Калашникова модернизированный). Ырасында эле А.Мадумаров таш мылтыктай болгон саясатчы экени баарыбызга белгилүү. Чукугандай сөз таап жибереген жагы бар. Бирок бийликке келген жаңы режимге ылайык идиологиясын өзгөрткөнү “тытыратканын” баары ай талаага аңкып кеткени көбөйдү. Бутага таамай тийгени,деги тийгени боло элек. Кур дүрмөт сөздөрү көп. Мамлекеттик катчы болуп жүргөнү жетишилген ийлиги,сиңирген эмгеги катары улуттук идиологияны түзүп салганын сыймыктануу менен атады. Асресе, форумчулардын пикиринде 14 күндүн аралыгында түзүлгөн идиологиянын кенедей байымы менен жугуму болгон жок.А.Мадумаровдун “идиологиясынын” кыскача маансин жалпы улут эстеп, эске алганды мындай кой, экс-мамкатчынын өзү деле жеткиликтүү түшүндүрүп бере аларын бир Кудай билет дешет. Айрым окумалдардын ичинен, балким, А.Мадумаровдун улуттук идиологиясы --“развития через единство” болуп аталса керек эле, жок жаңылып атам,тескерисинче, “единство через развития” болуш керек деп бүшүркөгөндөрүн жолуктуруп калууга болор. Болбосо “мадумаровский идиологияны” азыр эстеген жан жок,ар ким өз алапайы менен алек. Ошентип А.Мадумаровдогу кур дүрмөттүктү ырастай турган жагдай кантсе да бар.
Ардктуу кличкага баардык эле саясатчылар,коомдук ишмерлер татый бербейт. Татыгандар да бар,татыбагандар да бар. Татыгандардын ичине, айталы адам укугун коргоочумун деп алып кыпчылбаган куюшканга кыпчыла берген Турсунбек Акун кирет--кличкасы Акун Матата. Президентин адмнистрациясынын башчысы Медет Чаканович Садыругуловдуку МЧС--Министерство черезвычайных ситуаций. Кыскасын айтканда, таарыныч болбосун. Талкуунун тапандары айткандай “без обид”.Форум сапатту уюштурулганын кантсе да моюнга алууга туура келет.
